Дания мектептерде окуучуларга телефон колдонууга тыюу салат

Чектөө башталгыч жана жогорку класстардын окуучуларына тиешелүү болот. Телефонду сабак учурунда да, тыныгууда да колдонууга уруксат берилбейт. Мектептер билим берүү максаты жок социалдык тармактарды, оюндарды жана онлайн дүкөндөрдү өз тармактарында бөгөттөшү керек.
Гаджеттерди эртең менен чогултуу же өчүрүп сактоо сыяктуу тартипти ар бир мектептин жетекчилиги өзү аныктайт. 2025-жылдагы партиялык келишимде башталгыч класстарда телефондорду колдонууга чектөө киргизилген.
Билим берүү министри Магнус Хойнике жаңы эрежелер окуучулардын социалдык тармактарга, оюндарга жана онлайн соодага алаксышын азайтууга багытталганын айтты. Чечим PISA изилдөөсүндө даниялык окуучулардын билим көрсөткүчтөрү төмөндөгөнү белгиленгенден кийин кабыл алынган.
Ещё по теме «Образование»
- С 2027 года школьное питание подорожает до 40 сомов на ученика в день
- С января 2027 года школьное питание в Кыргызстане подорожает до 40 сомов на ребенка
- ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу 14-декабрда башталып, төрт этап менен өтөт
- Профильное обучение в старших классах планируют внедрить в 2027/28 учебном году
- 11-летний школьник установил 3 невероятных рекорда Гиннесса
- Кыргызстандагы окуучулар зомбулук тууралуу «Э-Күндөлүк» аркылуу жашыруун билдире алышат