Кыргызстандагы окуучулар зомбулук тууралуу «Э-Күндөлүк» аркылуу жашыруун билдире алышат

Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, жаңы функция мектептердеги зомбулук тууралуу жашыруун билдирүүгө шарт түзөт. Аны колдонуу механизми азыр автоматташтырылып, билдирүүлөргө жооп берүү үчүн тиешелүү органдардын өз ара иштешүүсү кеңейтилүүдө.
Бул чара 24-ноябрда Бишкекте өткөн «Менин үнүм – менин келечегим» республикалык форумунда айтылды. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, мугалимдер, окуучулар жана ата-энелерден турган 400 адам катышты.
Министрлик зомбулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча 15 миңден ашык мугалим окутулганын билдирди. Ошондой эле мектептерге психологдордун штаттык бирдиктерин киргизүү жана 500 мектепте шахмат ийримдерин уюштуруу иштери жүрүп жатат.
Ещё по теме «Образование»
- С 2027 года школьное питание подорожает до 40 сомов на ученика в день
- С января 2027 года школьное питание в Кыргызстане подорожает до 40 сомов на ребенка
- ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу 14-декабрда башталып, төрт этап менен өтөт
- Профильное обучение в старших классах планируют внедрить в 2027/28 учебном году
- 11-летний школьник установил 3 невероятных рекорда Гиннесса
- В Бишкеке реконструируют здания для бесплатной IT-школы взрослых