Кыргыз драма театры декабрда 11 спектакль көрсөтөт

Репертуарда тарыхый драма, комедия, трагикомедия, жомок жана башка жанрдагы чыгармалар бар. 1-декабрда «Курманжан датка», 2-декабрда «Абийир кечирбейт», 3-декабрда «Былтыркы кар кайда?» көрсөтүлөт.
Андан ары көрүүчүлөр 4-декабрда «Чоң казатты», 8-декабрда «Феншуйду», 9-декабрда «Эртеңкиге ордуңду бошотту», 10-декабрда «Мармеладовдорду» көрө алышат. 11–15-декабрь күндөрү «Акыркы кат», «Саманчынын жолу», «Бакбергендин балпайган бактысы» жана «Альмазордун шакектери» коюлат.
Спектаклдер театрдын 100-сезонунун алкагында өтөт.