Кыргызстан жыл сайын чет элдик инвестицияларды 20% көбөйтүүнү көздөйт

Касымалиев бул максатты президент Садыр Жапаров 21-октябрдагы республикалык кеңешмеде койгонун билдирди. Өкмөт инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, салыктык жана бажылык жеңилдиктерди сунуштоону көздөйт.
Министрлер кабинетинин төрагасынын айтымында, Кыргызстанда пайда салыгы менен киреше салыгынын базалык ставкалары 10%, ал эми кошумча нарк салыгы 12% түзөт. Мыйзамдагы шарттарга ылайык, инвесторлор жеңилдиктерден, эркин экономикалык аймактардын жана Жогорку технологиялар паркынын атайын режимдеринен пайдалана алышат.
«Тамчы» аймагы аркылуу эл аралык капитал тартуу, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жана бизнес үчүн өзгөчө укуктук шарттарды түзүү пландалууда. Касымалиев инвестициялык тобокелдиктерди азайтуу үчүн биргелешип каржылоо механизмдерин да кеңири колдонуу зарылдыгын белгиледи.
Ещё по теме «Экономика»
- Запасов бензина и дизтоплива в Кыргызстане хватит до конца года
- «Ынтымак» комплексиндеги алгачкы батирлер жакында ээлерине берилет
- Предприятия Сулюкты просят разрешить летний экспорт угля
- Кыргызстан не может остановить Токтогульскую ГЭС ради накопления воды
- Россия запретила экспорт гречихи на полгода, но Кыргызстана ограничение не коснётся
- Кыргызстан и Аргентина подписали меморандум о сотрудничестве в авиации