Кыргызстан Кытайдан электр импорттоо үчүн линияны 2027-жылы ишке киргизүүнү пландап жатат

Талкуу 26-ноябрда Кытайдын Циндао шаарында кыргыз-кытай жумушчу тобунун биринчи жыйынында өттү. Ага Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков жана Кытайдын Энергетика боюнча мамлекеттик башкармалыгынын жетекчиси Ван Хунчжи тең төрагалык кылды.
Жыйында эки өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташуу боюнча ведомстволор аралык макулдашуусунун нускалары алмашылды. Тараптар электр системаларын бириктирүү, Кытайдан электр импорттоого шарт түзө турган линияны куруу жана чек арадагы индустриалдык паркты электр менен камсыздоо маселелерин карашты.
Кыргызстандын Энергетика министрлиги инфраструктураны каржылоо маселесин иштеп чыгуу дээрлик аяктаганын билдирди. Министрлик объектти 2027-жылдын декабрында өнөр жайлык пайдаланууга берүү графигин сунуштады.
Ещё по теме «Экономика»
- Запасов бензина и дизтоплива в Кыргызстане хватит до конца года
- «Ынтымак» комплексиндеги алгачкы батирлер жакында ээлерине берилет
- Предприятия Сулюкты просят разрешить летний экспорт угля
- Кыргызстан не может остановить Токтогульскую ГЭС ради накопления воды
- Россия запретила экспорт гречихи на полгода, но Кыргызстана ограничение не коснётся
- Кыргызстан и Аргентина подписали меморандум о сотрудничестве в авиации