«Нур Умра Трэвелдин» умра уюштурууга аккредитациясы жокко чыгарылды

Чечим 25-ноябрда умрага даярдык көрүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында кабыл алынган. Муфтият компания менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу токтотту. Компаниядан сертификат алгандарга да сапарга чыкпоо сунушталды.
Буга чейин компания аркылуу умрага барууну көздөгөн 140ка жакын кыргызстандык виза жана авиабилет маселесинен улам Ташкентте калып калганы кабарланган. Компаниянын жетекчиси кармалган.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев компания жарандарды визасыз жана авиабилетсиз Ташкентке жөнөткөнүн билдирген. Муфтият умрага барууну пландагандарды туристтик компаниянын аккредитациясын жана сапар уюштурууга укугун алдын ала текшерүүгө чакырды.
Ещё по теме «Общество»
- В Кыргызстане от банковского и интернет-мошенничества пострадали более 100 тысяч человек
- Льготный тариф на свет для 41,7 тысячи семей заменят денежными выплатами
- В Бишкеке возобновили строительство ЖК «Кудайберген» для дольщиков
- «Унаа» получила 63 машины для практических экзаменов на водительские права
- «Кыргызтест» переедет в новое здание и увеличит число мест для сдачи теста
- Трудовой мигрант есть в каждом третьем или четвёртом домохозяйстве Кыргызстана