Жапаров жарандардын кайрылууларын создуктурган жетекчилердин ишин баалоону тапшырды

Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн республикалык кеңешмеде мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу маселеси талкууланды. Президент жетекчилер кайрылууларга формалдуу жооп берүү менен чектелбей, маселелерди өз алдынча иликтеп, ыйгарым укуктарынын чегинде чечим кабыл алышы керектигин айтты.
Анын айтымында, жергиликтүү жетекчилер борбордук органдардын кийлигишүүсүн күтпөстөн иш алып барып, калк менен үзгүлтүксүз жолугушуп турушу зарыл. Жолугушууларда түшкөн кайрылууларды талдап, көп көтөрүлгөн көйгөйлөрдү жана алардын чечилбей жаткан себептерин аныктоо тапшырылды.
Талдоонун жыйынтыгы боюнча кемчиликтерди жоюу чаралары көрүлүүгө тийиш.
Ещё по теме «Политика»
- За рубежом утвердили 74 участка для голосования на выборах президента Кыргызстана
- Депутаты ЖК предложили усилить поддержку детей с инвалидностью и повысить выплаты ассистентам
- Дастан Бекешев предложил снизить налоги для работодателей людей с инвалидностью
- Минтруда Кыргызстана с 2027 года начнет оформлять документы для иностранцев
- В Кыргызстане предлагают штрафовать за буллинг и ввести уголовную ответственность
- Депутаты потребовали проверить проекты и расходы АРИС