Кыргызстан Нью-Делиде ШКУнун «Цивилизациялар диалогу» форумуна катышты

Кыргыз делегациясын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов жетектеди. Ал кыргыз элинин тарыхый-маданий мурасын сактоонун маанисин, көчмөн цивилизациясынын өзгөчөлүгүн жана анын дүйнөлүк маданияттагы ордун белгиледи.
Форумда «Манас» эпосун дүйнөгө таанытуу, улуттук салттарды сактоо жана элдердин достугун бекемдөө маселелери көтөрүлдү. Маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүдө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ролу да айтылды.
Кыргызстандык эксперттер улуттук каада-салттар, элдик маданият жана материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча материалдарды сунушташты. Форумга ШКУга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин, ошондой эле диалог боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты.
Ещё по теме «Культура»
- 16-летняя студентка из Бишкека получила награду фестиваля плакатного искусства Postober
- В Оше поставили спектакль о лидере сопротивления Мадаминбеке
- В Бишкеке открылся международный форум «Айтматовские чтения»
- Замок Йоханнисберг в Германии - лучшая винодельня мира 2026 года
- В Кыргызстане 28 ноября выйдет первый сериал о футболе
- Театр из Якутии покажет в Бишкеке два спектакля в декабре