BepiColombo аппараты сегиз жылдык сапардан кийин Меркурийдин орбитасына чыкты

Европа космостук агенттиги менен Япониянын аэрокосмостук изилдөөлөр агенттиги биргелешип ишке ашырган миссиянын максаты — Күнгө эң жакын планетанын түзүлүшүн жана Күн системасынын эволюциясын изилдөө. Аппарат Жер менен байланыш түзүп, учуу динамикасы боюнча адистер анын орбитага чыкканын тастыкташкан.
План боюнча европалык жана жапониялык эки орбиталык аппарат 9–10-декабрда бири-биринен бөлүнөт. Илимий иштер 2027-жылдын апрелинде башталат. BepiColombo Меркурийдин орбитасына чыккан тарыхтагы экинчи миссия болот.
Меркурий — Күн системасындагы эң кичинекей планета. Анын бетинде күндүз температура +430 градуска чейин жетип, түнкүсүн -180 градуска чейин төмөндөйт.
Ещё по теме «Наука»
- Муж Меркель выпустил мемуары
- Жалтырколь мелеет: учёные обнаружили дамбу, которая перекрывает путь воде
- У подростка-австралопитека обнаружили современную стоматологическую проблему
- Ученые проследили, как Македония получила ресурсы для завоеваний Александра Великого
- На затонувшем у Хорватии римском корабле нашли два древних состава для защиты от воды
- Глобальное потепление остановило начавшееся оледенение в Арктике