Сулайман-Тоо жана Үңкүр музейлери реконструкцияга байланыштуу жабылат

Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинде реконструкциянын биринчи этабы башталды. Учурда курулуш техникасы тартылып, алгачкы иштер жүрүп жатат.
Долбоор музей-комплексинин инфраструктурасын жаңылоону жана зыяратчыларга ыңгайлуу шарт түзүүнү камтыйт. Иштер Сулайман-Тоонун тарыхый-маданий баалуулугун жана мурасын сактоо талаптарын эске алуу менен жүргүзүлөт.
23-ноябрдан тартып Сулайман-Тоо жана Үңкүр музейлерине кирүү мүмкүн болбойт. Комплекстин башкы имаратындагы экспозиция залы ишин улантат.
Ещё по теме «Культура»
- 16-летняя студентка из Бишкека получила награду фестиваля плакатного искусства Postober
- В Оше поставили спектакль о лидере сопротивления Мадаминбеке
- В Бишкеке открылся международный форум «Айтматовские чтения»
- Замок Йоханнисберг в Германии - лучшая винодельня мира 2026 года
- В Кыргызстане 28 ноября выйдет первый сериал о футболе
- Театр из Якутии покажет в Бишкеке два спектакля в декабре