Энергетиктер өспүрүмдөрдүн тиш эмалын бузуп, сезгичтигин күчөтүшү мүмкүн

Швециянын Социалдык камсыздандыруу агенттигинин маалыматына ылайык, быйыл тиш эмалынын жабыркашына байланыштуу стоматологиялык процедуралардын саны өткөн жылга салыштырмалуу өскөн. Тамак-аш агенттигинин катышуусундагы изилдөөдө 15–19 жаштагы өспүрүмдөрдүн 75%ы энергетикалык суусундуктарды жумасына жок дегенде бир жолу ичери аныкталган. Бул көрсөткүч Түндүк Европанын башка өлкөлөрүндөгү теңтуштарына караганда жогору.
Адистердин эскертүүсүндөй, кантсыз, бирок кычкылдуулугу жогору суусундуктар да эмалга зыян келтириши мүмкүн. Жабыркоо алгач байкалбай, убакыттын өтүшү менен тиштин сезгичтигин күчөтүп, түсүн өзгөртүп, эмалды жукартат. Оор учурларда татаал стоматологиялык дарылоо талап кылынышы мүмкүн.
Адистер энергетикалык жана газдалган суусундуктарды чектөөнү, аларды узак убакыт бою аз-аздан ичпөөнү сунушташат. Кычкыл суусундук ичкенден кийин тишти дароо тазалабоо керек.
Ещё по теме «Здоровье»
- Троих руководителей медорганизаций уволили из-за ошибок в заявках на лекарства
- В отдаленных районах Кыргызстана работают 56% выпускников ординатуры по распределению
- В Кыргызстане уволят трёх руководителей медорганизаций из-за ошибок в заявках на лекарства
- Телемедицина заработала в 118 сельских медучреждениях Карагандинской области
- У орангутана Цезаря из Ташкентского зоопарка диагностировали онкологическое заболевание
- В Кыргызстане тромболитическую терапию при инсульте получили 171 пациент