Бишкекте Панфилов дивизиясынын эрдигине арналган көргөзмө ачылды

Көргөзмө Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиев атындагы залда өтүп, анда Панфилов дивизиясына таандык тарыхый экспонаттар көрсөтүлдү. Иш-чарага аскер кызматкерлери, жогорку окуу жайлардын студенттери жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
1941-жылдын ноябрында генерал-майор Иван Панфилов жетектеген 316-аткычтар дивизиясынын жоокерлери Москваны коргоодо эрдик көрсөтүшкөн. Алардын баатырдыгы Мекенди коргоонун жана аскердик антка берилгендиктин символу катары эскерилет.
Ещё по теме «Культура»
- 16-летняя студентка из Бишкека получила награду фестиваля плакатного искусства Postober
- В Оше поставили спектакль о лидере сопротивления Мадаминбеке
- В Бишкеке открылся международный форум «Айтматовские чтения»
- Замок Йоханнисберг в Германии - лучшая винодельня мира 2026 года
- В Кыргызстане 28 ноября выйдет первый сериал о футболе
- Театр из Якутии покажет в Бишкеке два спектакля в декабре